Gm G C GmУрдатым жатам кимге жаштыгымды?
Gm G C GmУлгайды сени көпкө көрбөй көзүм.
Gm G C GmКөөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Gm G C GmОкшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.
Кайырма:
Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.
Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга мүмкүн эмес.
Кайырма:
Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айлам күйүп-күйүп.
Кагазды өрттөсөң да күл калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат
Видео
Добавить видео